Ссылки доступа

Өзбекстанга 100 килограмм маңзат алып кирүүгө аракет кылган киши кармалды


Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы "Сариасия" бажы бекетинин кызматкерлери ири баңгизат партиясын ташуунун жолун бөгөдү.

Мамлекеттик бажы комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, 25-августка караган түнү бекеттин аймагына коңшу өлкөнүн жараны Merсedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны айдап келген. Айдоочу унаада 20 тонна түймө жип бар экенин айткан. Унааны ит менен текшерүү учурунда полиэтилен менен оролгон 93 даана таңгак табылган.

Таңгактарды ачкан учурда 85,5 килограмм героин, 11,4 килограмм гашиш табылган.

Бажы органдары бул факты боюнча кылмыш ишин козгоду.

Өзбекстандын бажы кызматы башка укук коргоо органдары менен биргеликте жыл башынан бери аткезчилик жол менен ташылган 260 килограммдан ашуун маңзатын аныктады.

XS
SM
MD
LG