Ссылки доступа

Өзбекстан президенти абактагы 215 кишиге ырайым кылды


Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 215 жаранга ырайым берүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Ырайым алган үч киши жазадан толугу менен бошотулат, 127 киши мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыгат, 12 адамдын жазасы жумшартылып, 73үнүн жаза мөөнөтү кыскартылат.

Мунапыска илингендердин арасында 14 аял, жашы 60тан жогору 12 киши, 69 чет өлкөлүк жаран бар.

Тиешелүү министрлик менен ведомстволорго ырайым алган кишилерди үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына кайтаруу, социалдык жактан адаптация болууга жардам берүү, аларды ишке тартуу боюнча тапшырма берилди.

XS
SM
MD
LG