Тажикстан «Ковидсиз саякатта» санариптик платформасына июнда кирген. Ушул тапта платформага Душанбедеги эки мамлекеттик лаборатория кошулган.
«Гемотест» лабораториясынын кызматкери Елена Козлова Орусияга бара тургандар тиркемени көчүрүп алып, лабораторияга чет паспорт менен келип, анкета толтуруп, тест тапшырышы керектигин айтты.
«Тесттин жыйынтыгы кийинки күнү даяр болот. Лаборатория бул маалыматты улуттук системада көрсөтөт. Жыйынтык QR-код түрүндө анализ тапшырган кишинин мобилдик телефонундагы атайын тиркемеде пайда болот».
«Гемотест» лабораториясында тесттин баасы 135 сомони (12 доллар) турат.