Ссылки доступа

Белгилүү имам Рашод Камалов эркиндикке чыкты


27-августта Бишкек шаардык сотунун чечими менен түрмөдөн бошонуп чыккан имам Рашод Камалов 28-август күнү кечинде Кара-Суу шаарындагы үйүнө келди. Аны тарапташтары тосуп алды.

Адвокат Хусанбой Солиевдин айтымында, Камаловдун жаза мөөнөтү толугу менен бүтөрүнө жети ай бар. Соттун чечимине ылайык, ал калган жазасын шарттуу түрдө өтөйт.

43 жаштагы этникалык өзбек Рашод Камалов Кара-Суу районундагы "Ас-Сарахсий" мечитинин имамы болгон. Ал 2015-жылы февралда кармалган. Имам "диний кастыкты козуткан, кызмат абалынан пайдаланып, экстремисттик маанайдагы материалдарды тараткан" деген айып менен 10 жылга соттолгон.

Кийинчерээк апелляциялык сот жаңы кабыл алынган Кылмыш кодексине таянуу менен Рашод Камаловдун жаза мөөнөтүн 10 жылдан 8 жылга кыскарткан.

Буга чейин Өзбекстандын тергөө органдары Кыргызстанга соттолгон эки кишинин көрсөтмөлөрүн жөнөткөнү кабарланган. Алар имам Камалов менен Түркияда жолугушканын, ал мусулмандарды Кыргызстандагы бийликти күч менен басып алууга чакырганын айтышкан.

Имам Камалов Өзбекстандан келген документтерди саясий буюртма деп атаган.

Рашод Камаловдун атасы Рафик Камалов 2007-жылы террордук актынын алдын алуу операциясы учурунда өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG