Ссылки доступа

Ташкент оогандык учкучтарды талибдерге өткөрүп бериши ыктымал


Өзбекстан эки апта мурун Ооганстандан качып өткөн аскер учкучтарын кайра артка жибериши ыктымал экенин Кошмо Штаттарга эскертти. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы Вашингтондогу ишенимдүү булактарына таянып жазды.

Басылманын жазганына караганда, Ташкенттин мындай кадамына талибдердин басымы түрткү болууда.

Вашингтондун маалыматына ылайык, Өзбекстан Кошмо Штаттарды оогандык учкучтарды мүмкүн болушунча тез арада үчүнчү өлкөгө чыгарып кетүүгө чакырууда. Болбосо Ташкент «Талибан» менен мамилесин курчутпоо үчүн учкучтарды мекенине кайтарууга мажбур болот.

Буга чейин коңшу өлкөнүн Башкы прокуратурасы 14-15-августта оогандардын 22 аскер учагы жана 24 тик учагы Өзбекстандын чек арасын кесип өткөндө өзбек аскерлери Термездин эл аралык аэропортуна кондурганын билдирген. Бирок бир аздан кийин мекеме андай маалыматты четке каккан.

«Талибдер учкучтарды эң элдешкис душман деп санайт, анткени алар асмандан урулган соккудан катуу жабыркап, көп жоготууларга дуушар болгон», - деп жазат америкалык басылма. "Талибан" ошондой эле учактарды Ооганстанга кайтарууну дагы талап кылып жатканы айтылат.

XS
SM
MD
LG