Ссылки доступа

Улут аралык кастыкты козутууга айыпталган Куат Ахметов Казакстандан чыгып кетти


"Til Maydani онлайн партиясы" аттуу Youtube каналдын автору Куат Ахмедов Киевге чыгып кетти. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына анын адвокаты Абзал Куспан кабарлады.

– Киевде калабы же жокпу, белгисиз. Ал жерден укук коргоо уюмдары менен байланышат, – деди адвокат.

Адвокаттын айтымында, мындай кадамга барууга Казакстан Башкы прокуратурасынын Ахмедовдун видеолоруна байланыштуу ага кылмыш ишин козгогону себеп болду.

24-августта "РИА Новости" агенттиги Казакстандын Башкы прокуратурасына шилтеме жасоо менен Ахмедовдун соода борборлорун аралап, казакча кызмат көрсөтүүнү талап кылган видеолору боюнча Кылмыш кодексинин “улут аралык кастыкты козутуу” беренеси менен иш козголгонун кабарлаган.

Активист Ахмедов бул иш боюнча күнөөлүү деп табылса, ири көлөмдө айып пул төлөп же 2-7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ахметов дүкөндөрдү жана мамлекеттик мекеме-ишканаларды кыдырып, кызматкерлерден казак тилинде кызмат көрсөтүүнү талап кылган жана алардын реакциясын видеого тартып турган. Видеодо айрым сатуучулар мамлекеттик тилди билбегени үчүн кечирим сурашканын да көрүүгө болот.

Видео Москванын нааразылыгын жараткан жана Куат Ахмедовдун Орусияга кирүүсүнө 50 жылга тыюу салынган.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG