Ссылки доступа

Орусияда 20дан ашык басылма "чет элдик агенттер" тизмесин жокко чыгарууну талап кылды


"Чет элдик аген ЖМКларды" колдогон Москвадагы акциянын катышуучулары кармалууда
"Чет элдик аген ЖМКларды" колдогон Москвадагы акциянын катышуучулары кармалууда

Орусиядагы 20дан ашык көз карандысыз басылманын башкы редакторлору "Чет элдик агент ЖМКлар" тизмесин жокко чыгарууну жана "Чет элдик агенттер тууралуу" мыйзамды жумшартууну талап кылышты.

Алар Орусиянын президенти Владимир Путинге, анын басма сөз катчысы Дмитрий Песковго жана юстиция министри Константин Чуйченкого жолдонгон ачык катка талаптарын жазып, кол коюшту.

Кайрылуунун авторлору "Чет элдик агент ЖМКлар" тууралуу мыйзамды толук жокко чыгарууну эмес, аны кайра карап чыгып, өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылууда. Алар сунуштаган 12 өзгөртүүнүн арасында ЖМКны эскертүүдөн кийин жана сот чечиминин негизинде гана тизмеге кошуу, чет өлкөлүк каржылоонун уруксат берилген чегин белгилөө жана "чет элдик агент" деп табылган жеке жактар үчүн шарттарды жеңилдетүү талаптары бар.

Кайрылуу ага редакторлору кол койгон ЖМКларга жарыяланды. Алардын арасында "Дождь" телеканалы, "Новая газета", "Эхо Москвы", Znak.com сайты жана башка бир катар аймактык басылмалар бар. Булардын ичинен "Дождь" телеканалы гана "чет элдик агент ЖМКлардын" реестрине кошулган.

Азыр бул тизмеде жалпысынан 43 басылма жана жеке адамдар бар. Орусиянын мыйзамдарында "Чет элдик агент ЖМКлар" түшүнүгү 2017-жылы пайда болуп, бул реестрге бир катар басылмалар, анын ичинде "Радио Свобода" жана анын аймактык долбоорлору киргизилген. РСЕ/РС корпорациясы орус бийлигинин бул чечими менен макул болгон эмес.

Акыркы айларда бул тизмеге бир нече көз карандысыз белгилүү басылмалар, анын ичинде "Медуза", The Insider, "Важные истории", "Дождь" телеканалы, ошондой эле "Важные истории" менен "Проект" долбоорунун журналисттери киргизилген. "Чет элдик агент ЖМКлар" макамы басылмалар менен жеке адамдарга олуттуу чектөөлөрдү киргизет.

XS
SM
MD
LG