Ссылки доступа

Тажикстан эки ооган ишмерине жогорку сыйлык ыйгарды


Тажикстан бийлиги Ооганстандын улуттук баатыры, мурдагы коргоо министри, он жыл мурун өлтүлгөн Ахмад Шах Масудду Исмоили Сомони ордени менен сыйлады. Мындан тышкары Ооганстандын мурдагы президенти, маркум Бурхануддин Раббаниге да ушундай эле сыйлык ыйгарылды.

Тажикстан президенти тиешелүү жарлыкка 2-сентябрда кол койду. Жарлыкта Ахмад Шах Масуд менен Бурхануддин Раббани “1993-1996-жылдары тажик аралык сүйлөшүүлөрүндөгү жардамы жана Тажикстанда тынчтыкты орнотууга кошкон чоң салымы үчүн” сыйланышканы белгиленген.

Исмоили Сомони ордени Тажикстандагы эң жогорку сыйлык болуп эсептелет, ал күмүштөн жасалат.

Ооганстандын мурдагы президенти Бурхануддин Раббани 2011-жылы 20-сентябрда жанкечтинин бомба чабуулунан курман болгон.

Ооганстандын мурдагы коргоо министри жана талаа командири Ахмад Шах Масуд жарандык согуш жылдарында улуттук биримдикти бекемдөөгө жардам берип, качкындарды мекенине кайтарууга көмөк көрсөткөн. Ахмад Шах Масуд табилдерге каршы чыккан, расмий версия боюнча 2001-жылы сентябрда “Аль-Каида” тобунун колунан ажал тапкан.

Ушул тапта талибдерге баш ийбеген өкмөттүк күчтөр менен можахеддердин топтору Панжшерде топтолгону айтылууда. Каршылык кыймылын бул өрөөндөн чыккан аскер кол башчысы, маркум Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд жетектейт. Панжшерде жашоочулардын басымдуу бөлүгү –тажиктер.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG