Ссылки доступа

Орусияда Душанбенин өтүнүчү менен белгилүү тажик дин ишмеринин уулу камалды


Баракатулло Гозиев
Баракатулло Гозиев

Казан шаарындагы сот 1990-жылдардагы белгилүү тажик дин ишмери Саид Киёмиддиндин 35 жаштагы уулу Баракатулло Гозиевди 40 суткага камакка алуу чечимин чыгарды.

Совет райондук сотунун өкүмүнө ылайык, Гозиев тажик тараптын өтүнүчү менен камакка алынды. Азырынча бул боюнча Тажикстандын бийлиги расмий билдирүү жасай элек. Бирок соттун маалыматында Гозиев мекенинде "Дин аралык кастыкты козутуу" жана "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренелери боюнча айыпталып жатканы жазылган.

Гозиевдин туугандары бул айыптоолорду четке кагып, ал "Душанбеге экстрадицияланып, ал жерде кыйноого алынышы мүмкүн" деп чочулап жатышат.

Акыркы эки жылдын ичинде Тажикстанда Баракатулло Гозиевдин эки бир тууганы "Терроризм" жана "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренелери боюнча соттолуп, бирөө 11 жылга, экинчиси 13 жылга эркинен ажыратылган.

2017-жылы ноябрда Саид Киёмиддин Санкт-Петербургда Тажикстан менен Орусиянын атайын кызмат өкүлдөрү тарабынан уурдалып, Хожент шаарына жеткирилген. Анын соту жабык өтүп, 2018-жылы майда 25 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылы май айында ал Вахдат түрмөсүндөгү тополоң маалында өлтүрүлгөн.

Саид Киёмиддин өткөн кылымдын 90-жылдары белгилүү дин кызматчысы болгон. 1992-жылы коммунисттик режимдин каршылаштары чогулган "Шахидон" аянтында сүйлөп, ошол эле күнү "элдик генерал" деген бейрасмий наамга ээ болгон. Тажикстанда жарандык согуш башталгандан кийин ал Ооганстанга өтүп, анда Бирдиктүү тажик оппозициясы менен кызматташкан. Согуш бүткөндөн кийин мекенине кайтып, Улуттук жарашуу комиссияларынын бирине мүчө болгон.

XS
SM
MD
LG