Ссылки доступа

Казакстанда тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышууга айыпталган 13 активисттин соту уланууда


Алматынын Алмалы райондук сотунда тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышууга айыпталып жаткан 13 активисттин ишин кароо уланууда.

Буга чейин сот айыпталуучулардын жана алардын адвокаттарынын өтүнүчү менен прокурорду "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылы менен "Көчө партиясын" "экстремисттик" деп тапкан Нур-Султандагы соттун чечимин алып келүүгө милдеттендирген. Бирок прокурорлор 7-сентябрдагы отурумга талап кылынган документти алып келе алышкан эмес.

- Прокурорлор айыпталуучулар менен алардын адвокаттарын гана эмес, сотту да сыйлашы керек. Алар талап кылынган документтерди алып келбей, соттун буйругун аткарышкан жок, – деди адвокат Галым Нурпеисов.

Сотко катышып жаткан эки прокурор тең эмнеге Нур-Султандагы соттун чечимин алып келбегенин түшүндүрүп бере алган жок. Судья аларга документтерди кийинки отурумга алып келүүнү тапшырды.

Бул иш боюнча сот отуруму онлайн режимде өтүп жатат. 13 айыпталуучунун бешөө тергөө абагында камакта, алар сотко видеобайланыш аркылуу катышып жатышат. Буга чейинки отурумдарда прокурор айыптоо актысын окуп, айыпталуучулар көрсөтмө беришкен. Учурда судья 78 бөлүмдөн турган иштин материалдарын карап жатат.

Өлкөдө тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылы менен "Көчө партиясынын" ишмердүүлүгүнө катышууга айыпталып жаткан 13 активисттин иши боюнча сот 27-июлда башталган. Алардын баары өлкөдөгү коомдук-саясий маселелер боюнча өз пикирлерин ачык айтып, тынч акциялар менен митингдерге катышып келишкен.

2018-жылы мартта Башкы прокуратура Нур-Султандын Есил райондук соту "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын "экстремисттик уюм" деп тапканын билдирген. 2020-жылы май айында ошол эле сот "Көчө партиясынын" ишмердүүлүгүнө тыюу салганы кабарланган. Бирок бул боюнча соттун чечимдери ачык жарыяланган эмес. Европа парламентинин резолюцияларында бул эки уюм тең тынч оппозициялык кыймыл катары көрсөтүлгөн.

"Казакстандын демократиялык тандоосу" менен "Көчө партиясынын" тарапташтары эки кыймыл тең негизги максаты катары Казакстандагы авторитардык башкарууну токтотуп, парламенттик башкарууга өтүүнү айтып келгендиктен, алардын тарапташтары саясий негиздер менен куугунтукталып жатышат деп эсептешет.

Казакстандык укук коргоочулар аталган эки уюмду түзүү жана анын ишмердүүлүгүнө катышуу айыбы менен куугунтукталгандар жана соттолгондор 300 кишиге жетиши мүмкүн экенин билдиришкен. Алардын маалыматы боюнча быйыл май айынан августтун аягына чейин бери дегенде эле жарандык коомдун 27 активисти соттолгон.

XS
SM
MD
LG