Ссылки доступа

Тажикстандын президенти аймактагы террордук коркунучтарга тынчсызданды


7-сентябрда Душанбеде Тажикстандын 30 жылдыгына арналган аскердик парад өттү.

Ага 30 миңдей аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.

Президент Эмомали Рахмон параддын катышуучуларын Эгемендик күнү менен куттуктап, "террордук, экстремисттик жана радикалдык кыймылдар менен уюмдардын көбөйүшүнөн улам аймакта жана дүйнөдөгү абал планета жашоочуларын тынчсыздандырып жатканын" белгиледи.

Рахмондун чөлкөмдөгү террордук коркунуч тууралуу сөзү Ооганстанды талибдер басып алгандан кийин айтылды. Бирок Тажикстандын президенти түзмө-түз Ооганстан тууралуу кеп кылган жок.

25-августта Эмомали Рахмон Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курейши менен жолугушууда Тажикстан Ооганстандын жаңы өкмөтүн түзүүдө бардык элдердин, өзгөчө, өлкө калкынын 46% түзгөн ооган тажиктеринин кызыкчылыгын эске алуу зарыл экенин белгилеген. Талибдер тарабынан тажиктерге, өзбектерге жана башка Ооганстандагы улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнө карата жасалып жаткан зомбулуктарды айыптай турганын айткан.

Тажикстан Эгмендүүлүктүн 30 жылдыгын 9-сентябрда белгилейт.

XS
SM
MD
LG