Ссылки доступа

Нур-Султанда активисттер Талдыкөлдү коргоого байланыштуу акция өткөрүштү (видео)


7-сентябрда ондогон активист Талдыкөл көлүн соолутууга жана жээкке көп кабаттуу турак жай комплексин курууга каршы акция өткөрүштү.

Сүрөтчү Асхат Ахмедияров шамандын костюмун кийип алып, башка активисттер менен бирге көлгө топурак төгүү үчүн келген жүк ташуучу унаалардын жолун тосту. Сүрөтчү Айгерим Оспан курулуш техникасы мурда төгүлгөн топуракты түздөп жаткан жерде комузун колуна алып, күү чертти.

Топурак ташып келе жаткан жүк унаалардын айдоочулары акция катышуучуларынын жанына чейин келип, бирок кайра артка тартышты. Өзүн курулуш өкүлү катары тааныштырган Мурат Отыншиев иш мыйзам чегинде жүрүп жатканын, көлгө кум төгүлүп, кургатылгандан кийин турак жай комплексинин айланасы көрктөндүрүлө турганын айтты.

Асхат Ахмедияров бул акциядан кийин курулуш иштери токтоп каларына ишенбейт, бирок иш-чара көлдү коргой тургандардын санынын көбөйүшүнө жардам берет деген ниетте.

— Бул Талдыкөлгө кум төгүүнү токтотууга байланыштуу соңку аракетибиз. Мунун баары мыйзамыз жасалып жаткан жумуштар. Бул анык. Болбосо, бул жерди полиция курчап турат эле, - деди ал.

Кичи Талдыкөл Нур-Султан шаарындагы Есил дарыясынын сол жагында жайгашкан. Активисттер анча чоң эмес көл бул жерде флора жана фаунаны сактоого оң таасирин тийгизүүдө деп эсептешет.

Видео

Видео

Туристтерди капа кылган кыргыз милициясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG