Ссылки доступа

Ташкентте апасын өлтүргөн жигит 10 жылга соттолду


Ташкент шаарынын Шайхантахур райондук соту өз энесин өлтүргөн кишиге карата өкүм чыгарды.

Өзбекстандын Жогорку Соту билдиргендей, соттолуучу “Атайылап киши өлтүрүү” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Сот айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алганын жана үйлөнө электигин эске алуу менен аны 10 жылга түрмөгө кести.

Окуя быйыл март айында болгон. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, уулу түнкү саат экилер чамасында апасын бөлөк киши менен көрүп, жини менен анын мойнуна бычак сайып жиберген.

Кылмышкер сөөктү жашырып, эртең менен милицияга апасы жоголгону жөнүндө арыз жазган.

Аялды жарым жыл издешкен. Анын сөөгү үйүнүн жер төлөсүндө табылган.

XS
SM
MD
LG