Ссылки доступа

Нур-Султан ата-энелердин мектепте жоолук салынуу жөнүндө өтүнүчүн четке какты


Казакстанда мамлекеттик жана жеке мектептерде хиджап кийүү мыйзамга каршы келет. Бул тууралуу Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигине караштуу дин иштери боюнча комитеттин төрагасы Ержан Нукежанов билдирди.

Жакында бир топ эне-ата президент Касым-Жомарт Токаевге кайрылуу жолдоп, кыздарына мектепке хиджап кийип барууга уруксат берүүнү жана мектептерде намаз окуй турган орун ачууну сураган. Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, демилгечил топко Нур-Султан, Алматы жана башка шаарлардан 1640 ата-эне кирген.

Дин иштери боюнча комитеттин төрагасы Ержан Нукежанов шейшемби күнү берген жообунда Билим берүү жана илим министрлигинин 2016-жылдагы мектеп формасы жөнүндө буйругуна таянган.

"Биз эч кимди динине карап бөлө албайбыз. Бизде светтик орто мектептер бар. Мектеп жашына келген жаран Билим жана илим министрлигинин буйругун, диний бирикмелер жөнүндө мыйзамды жана Конституциянын талаптарын аткарышы керек", - деди ал.

Казакстанда өкмөт мектептерде жоолук салынууга каршы кампанияны бир нече жыл мурун баштаган. Аткаминерлердин пикиринде, хиджапка тыюу салуу – диний экстремизм менен күрөшүү үчүн керек.

Видео

Видео

Спорт жана үй-бүлө: Изабековдордун жашоо философиясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:33:03 0:00
XS
SM
MD
LG