Ссылки доступа

Дүйнөдөгү ооган элчиликтери талибдердин режимин тааныган жок


Бул тууралуу Ооганстандын Душанбедеги элчиси билдирди. Буга чейин батыш өлкөлөрү жана АКШ Кабулду басып алган талибдердин бийлигин тааныган эмес.

"Ооганстандын дүйнөдөгү 67 элчилиги “Талибан” кыймылынын режимин тааныган жок. Талибдер кураган жаңы ооган өкмөтү мыйзамсыз", деп билдирди Ооганстандын Душанбедеги элчиси Мухаммад Захир Акбар.

Дипломаттын айтымында, ал Ооганстан башчысы иретинде вице-президент Амрулла Салехти тааныйт. Ооганстан президенти Ашраф Гани элинен качып кеткенден кийин, Конституцияга ылайык, анын ордуна вице-президент отурууга тийиш.

Акбар Салех учурда Панжшер шаарында экенин айтты. “Талибан” калааны басып алган, бирок айыл жерлеринде али согуш жүрүп жатат.

7-сентябрда талибдер Ооганстан өкмөтүнүн жаңы курамын жарыялаган. Бардык жетекчи кызматтарга талибдер келген. Ооганстанды кыймылдын жетекчиси, 60 жаштагы Хайбатулла Ахундзада башкарары жарыяланган.

Өкмөт башчынын милдетин Мухаммад Хасан Ахунд молдо аткарат. Чалгындоо министри болуп Гуантанамо түрмөсүндө 12 жыл отуруп чыккан Абдул Хак Васик дайындалды.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG