Ал өз позициясын крикет оюнунун мисалында түшүндүрдү. Васиктин айтымында, аялдар үчүн бул оюнга уруксат берилсе, алардын жүзү жана денеси көрүнүп калат.
"Ислам жана Ислам Эмираты буга жол бербейт", – деди ал.
Анын билдиришинче, талибдер аялдардын зарыл учурда сейилдөөсүнө уруксат берет, бирок спорт аялдар үчүн керек эмес.
Августта Васик Ооганстандын крикет боюнча эркектер курама командасына Австралияда өтө турган тандоо мелдешине катышууга уруксат берген. Бирок "Талибандын" азыркы билдирүүсү үчүн ооган эркектери да мелдешке катышпай калышы мүмкүн. Крикет боюнча эл аралык кеңеш уюмга мүчө бардык өлкөлөрдүн аялдар курама командасы да болушун талап кылууда.