Ссылки доступа

Казакстанда аткаминерлер окуучулардын тамак-ашына бөлүнгөн каражатты кымырып алган деп шектелүүдө


Казакстанда Түркстан облустук билим берүү башкармалыгынын үч кызматкери окуучулардын тамак-ашына деп бөлүнгөн каражаттан 36 миллион теңге (84 миң доллар) кымырып алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу 9-сентябрда өлкөнүн Каржы көзөмөлү боюнча агенттиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бул иштин алкагында облустук билим берүү башкармалыгынын үч кызматкери жана Чымкент шаарынын "жемкорлукка" шектелген бир тургуну кармалды.

Тергөөнүн версиясына ылайык, республикалык спорттук иш-чарага даярдык көрүүнүн алкагында жогорку класстардын окуучулары менен колледж студенттеринин тамактануусу үчүн 36 миллион теңге бөлүнгөн.

"Бирок бул каражат өз максатында колдонулбай, шектүүлөр тизмедеги спортчулардын кол тамгаларын жасалмалап өздөрү коюп жүрүшкөн. Тактап айтканда, каражат бюджеттен бөлүнүп, спортчуларды даярдоо жетиштүү деңгээлде жүргүзүлгөн эмес", — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары шектүүлөр жүрүп жаткан тергөө иштеринин алкагында "өздөрүнө ылайыктуу чечим чыгартуу үчүн" Экономикалык кылмыштарды иликтөө кызматынын өкүлдөрүнө 6 миллион теңге өлчөмүндө "пара берүүгө ниеттенишкен".

Агенттик шектүүлөр эки жылдан жети жылга чейинки мөөнөттөргө соттолушу мүмкүн экенин билдирүүдө. Учурда кылмыш ишти Чымкент прокуратурасы карап жатат.

Видео

Видео

Спорт жана үй-бүлө: Изабековдордун жашоо философиясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:33:03 0:00
XS
SM
MD
LG