Ссылки доступа

АКШнын аскерлери кеткенден кийин Кабулдан алгачкы жолу чет өлкөлүк жарандар эвакуацияланды


Кабул аэропортунан учуп жаткан америкалык аскердик учак. 30-август, 2021-жыл.

АКШ Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кеткенден кийин Кабулдан алгачкы жолу чет өлкөлүк жарандар эвакуацияланды.

Дүйнөлүк агенттиктердин маалыматына караганда, 9-сентябрда "Катар аба жолдорунун" учагы Ооганстандын башкалаасы Кабул аэропортунан 200гө жакын адамды алып чыкты. Алардын арасында АКШнын жарандары да бар.

Интернетте түз көрсөтүлгөн видеодон учак жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 6лар чамасында асманга көтөрүлгөнүн көрүүгө болот.

30-августта америкалык аскерлер Кабул аэропортунан чыгып кетишкен. Алар ага чейин эки жума бою дипломаттарды, чет өлкөлүк жарандарды жана талибдерден качкан ооганстандыктарды эвакуациялоо иштерине катышкан. Бул аралыкта АКШ аскерлери жана алардын өнөктөштөрү 120 миңден ашык кишини өлкөдөн чыгарып кетишкен. Андан бери Кабулда учак каттамдары калыбына келе элек болчу.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG