Ссылки доступа

Казакстандын мамлекеттик башкаруу системаларын орусиялык Сбер платформасына көчүрүүгө $500 млн керек


Казакстандын электрондук өкмөтүн тейлеп жаткан 400гө жакын түрдүү маалыматтык системаларды Орусиянын Сбер платформасына көчүрүүгө болжол менен 500 миллион доллар керектелет. Бул тууралуу Казакстандын санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмикалык өнөр жай министри Багдат Мусин билдирди.

— Кийинки жылдын март-апрель айларында бул долбоордун бардык параметрлери аныктала турган макулдашууга кол коюуну пландап жатабыз. Бул долбоорго 500 миллион доллар керектелет деген болжолдуу сумма бар. Экономикалык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө муну дагы тактайбыз, — деди министр.

Мусиндин айтымында, Сбер платформасы өлкө үчүн "кыйла ылайыктуу" жана Улуттук коопсуздук комитетинин "талаптарына" да жооп берет.

— Биз Улуттук коопсуздук комитетинин талаптарына жооп бере турган жана маалыматтык коопсуздук боюнча мыйзамдарга туура келген ушундай чечимди издегенбиз. Бул Коопсуздук комитетинде, президенттик аппаратта жана өкмөттө талкуулангандан кийин кабыл алынган чечим. Сырттан эч кандай басым болгон жок. Маалыматтык коопсуздук боюнча бардык нормалар сакталат. Маалыматтар базасы Казакстандын аймагында жайгашат. Бизге маалыматтарыбыздын кол тийбестигин жана уруксатсыз орусиялык адистердин эч кимиси аларга кирүү мүмкүндүгүнө ээ болбойт деген кепилдик берип жатышат, — деди Мусин.

Казакстандын коомчулугу бийликтин мындай планы тууралуу 3-сентябрда гана билди. Бул күнү Чыгыш экономикалык форумдун жүрүшүндө казак премьер-министри Аскар Мамин менен Сбер компаниялар тобунун башчысы Герман Греф кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшкан.

Өз кезегинде бул казак коомчулугунда түрдүү пикирлерди жараткан. Социалдык түйүн колдонуучулары, анын ичинде белгилүү IT-адистер бул өлкөнүн эгемендигине коркунуч жаратарын белгилеп, эмнеге платформаны иштеп чыгуу ата мекендик же батыш компанияларына тапшырылбаганына кызыгышкан.

Кремлдин көзөмөлүндөгү Сбербанк аталышындагы "банк" сөзүн 2020-жылы алып салган. 2017-жылдан бери күнүмдүк жашоо жана бизнес үчүн финансылык эмес жана финансылык онлайн-сервистерге активдүү инвестиция сала баштаган.

"Ведомости" гезитинин маалыматына караганда, азырынча Сбердин финансылык эмес бизнестеги кирешелеринин үлүшү өтө аз. Эгер алгачкы жарым жылдыкты банктын жалпы кирешеси 1,8 триллион рублди түзсө, анын 4% гана финансылык эмес бизнеске туура келет. Финансылык эмес бизнестин үлүшү банктын бардык активдеринин (230 миллиард рубль) 1% жетпеген гана бөлүгүн түзөт.

Орусиянын Сбербанкынын туундуу банкы Казакстанда 2006-жылдан бери иштеп келет. Башкы кеңсеси Алматыда жайгашкан банктын бүгүнкү күндө өлкө боюнча 17 өкүлчүлүгү жана 110 бөлүмү бар.

XS
SM
MD
LG