Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, жекшемби күнү күндүзгү саат 12лерде соода борборунда телефон саткан бир нече соодагердин ортосунда жаңжал чыккан.
"Анын жүрүшүндө 1977-жылкы Т. Б. аттуу жаран төшүнө бычак жеп каза болгон. 1988-жылкы М.А. деген дагы бир жаран түрдүү жаракаттары менен ооруканага жеткирилди. Кылмышка шектүүлөрдү аныктоо жана тергөө аракеттерин баштоо үчүн жаңжалга катышкандардын баары ички иштер башкармалыгына жеткирилди", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Ташкент шаардык прокуратурасы "Атайылап адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштады.