Ссылки доступа

Талибдер Баглан провинциясында жоготууларга учурап, артка чегингени кабарланууда


Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун жоокерлери
Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун жоокерлери

"Талибан" кыймылынын жоочулары Ооганстандын түндүгүндө жайгашкан Баглан провинциясындагы салгылашууда жоготууларга учурап, артка чегинүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Улуттук каршылык көрсөтүү фронтуна жакын булактарына таянып кабарлады.

"Жекшемби күнү эртең менен Багландын Пули-Хисар Андараб аймагында талибдер менен Ахмад Масуд баштаган каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн ортосунда согуштук аракеттер кайра башталган. Жыйынтыгында "Талибан" кыймылынын жоочулары жоготууларга учурап, аталган райондон чыгып кетүүгө аргасыз болду. Бирок провинцияда согуштук аракеттер уланууда", - деп билдирген булак.

Каршылык көрсөтүү фронтунун жергиликтүү башчысы Хайрмухаммади Андараби социалдык түйүндөргө видео жарыялап, Баглан провинциясынын үч району талибдерден бошотулганын билдирди. Ал "Талибанга" кайрылып, аларды мындай жеңилүү Ооганстандын бардык аймактарында күтүп турганын эскертти.

"Талибан" кыймылы азырынча бул маалыматтар боюнча пикирин билдире элек.

Талибдер 15-августта Ооганстандын борбору Кабулду басып алып, өлкөнүн Панжшер провинциясынан башка бардык аймагы алардын көзөмөлүнө өткөнүн жарыялаган. Андан бери "Талибан" Панжшер капчыгайындагы кагылышта жеңишке жетишкенин эки жолу билдирди. Бирок Ахмад Масуддун колбашчылыгы алдында талибдерге каршы күрөшүп жаткан тарап ал маалыматтарды жокко чыгарган.

XS
SM
MD
LG