Ссылки доступа

Подмосковьеде жергиликтүү тургунду зордуктоо жана өлтүрүү айыбы менен эки мигрант кармалды


Элдик жыйын (иллюстрациялык сүрөт)
Элдик жыйын (иллюстрациялык сүрөт)

Москва облусунун Сергиево-Посадский районундагы Бужаниново кыштагында жашаган аялдын өлүмүнө мигранттардын тиешеси бар экени тууралуу маалымат тарагандан кийин 13-сентябрда жергиликтүү тургундар жыйынга чогулган.

67 жаштагы пенсионер аял 12-сентябрда токойго козу карын терүү үчүн барып, жоголуп кеткен. Көп өтпөй анын сөөгү темир жолго жакын жерден табылган.

Дүйшөмбү күнү "Копейка" аттуу жергиликтүү басылма “аялды мигранттар зордуктап, андан кийин өлтүрүп коюшканы” жазылган жергиликтүү тургундун катын жарыялаган. Автор өз катында мигранттар жашаган жатаканадан улам алардын конушу “айылга айланып” калганына даттанган.

13-сентябрь күнү кечинде жатакананын алдына жүздөгөн киши топтолуп, кылмышкерлерди жазалоону талап кылышкан. Мындан тышкары алар Ички иштер министрлигинин облустук жана жергиликтүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин келишин да талап кылышкан.

Бул окуядан кийин полиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары “коңшу өлкөлөрдүн биринин 1988чи жана 1984-жылкы эки жаранын” кармап, аларга 67 жаштагы аялды зордуктаган жана өлтүргөн деген айып такты.

Сергиево-Посадский шаардык округунун башчысы Михаил Токарев Бужаниноводогу мигранттардын жатаканасын жаптырууга аракет кылышарын билдирди. Анын айтымында, бул үчүн бүгүн жатакана ээси менен жолугушуу белгиленген.

XS
SM
MD
LG