Ссылки доступа

Орусия президенти обочолонууга кетти


Орусия президенти Владимир Путин анын айланасындагы адамдардан коронавирус аныкталганына байланыштуу обочолонууга кетти. Бул тууралуу РИА "Новости" агенттиги билдирди.

Путин 15-сентябрда Душанбеде боло турган ШКУ саммитине келбей турганы белгилүү болду. Ал жыйынга онлайн катышат.

69 жаштагы Владимир Путин жазында Орусия өндүргөн "Спутник V" вакцинасы менен эмделгени белгилүү болгон. Ал былтыр коронавирустан улам бир нече ай аралыктан иштеп, коомдук иш-чараларга катышкан эмес.

Путиндин жанында жүргөн кайсы кишиден вирус аныкталганы так айтылган жок.

19-сентябрда Орусияда Мамдумага шайлоо өтөт. Буга чейин Орусия президенти добуш берүүгө катыша турганы айтылган.

Видео

Видео

Спорт жана үй-бүлө: Изабековдордун жашоо философиясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:33:03 0:00
XS
SM
MD
LG