Ссылки доступа

Европарламент депутаттары Навальныйды Сахаров сыйлыгына көрсөтүштү


Европа парламентиндеги "Европаны жаңылоо" тобу 14-сентябрда Алексей Навальныйды Андрей Сахаров атындагы эркин ой жүгүртүү сыйлыгынын лауреаттыгына талапкер катары көрсөттү.

"Европаны жаңылоо" тобунун сайтында оппозициячыл саясатчы, активист ири коомдук акцияларды өткөрүп, реформа үчүн саясий күрөшкө катышып жана президент Владимир Путин менен путинчил өкмөткө каршы чыгуу менен эл аралык деңгээлде атагы чыкканы белгиленген. Алексей Навальный Путин корккон адам катары аталган.

"Европаны жаңылоо" тобунун катышуучусу, Европа парламентинин мүчөсү Ги Верхофстадт (Бельгиянын мурдагы премьер-министри) Алексей Навальный Европа биримдиги жактаган баалуулуктар: демократия, укуктун үстөмдүгү, чындык жана эркиндик үчүн күрөшүп жатканын айтты. Верхофстадттын пикиринде, Навальныйды өз пикирин айтуудан корккон жана Европа биримдигинен колдоо күткөн көптөгөн орусиялыктар колдошот.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG