Ссылки доступа

Душанбеде ЖККУ саммити жабык өтүүдө


Бүгүн, 16-сентябрда Тажикстандын баш калаасы Душанбе шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жолугушуусу өтүүдө.

Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын президенттери, Армениянын премьер-министри жана Орусиянын тышкы иштер министри катышып жатат.

Жыйындын башында тажик президенти Эмомали Рахмон ЖККУнун алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу кыска сүйлөгөндөн кийин залдагы журналисттер сыртка чыгарылып, жолугушуу жабык уланды. Жыйындын соңунда ЖМК өкүлдөрү үчүн брифинг уюштурулат деп күтүлүүдө.

Буга чейин ЖККУ саммитиндеги негизги темалардын бири — Ооганстандагы абал болору кабарланган.

ЖККУ саммити Ооганстанда бийликке талибдер келген учурда өтүп жатат. 17-сентябрда Душанбеде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин жолугушуусу башталат. Мындан тышкары бул күнү ЖККУ жана ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлеринин Ооганстандагы кырдаал боюнча атайын жолугушуусу пландалууда.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) 1992-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ага Кыргызстан, Армения, Беларус, Орусия, Казакстан жана Тажикстан мүчө.

XS
SM
MD
LG