Ссылки доступа

Түркмөнстан Орусиядагы жарандарын чартердик каттамдар менен алып келүүнү улантууда


“Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булактары Москвада кеминде 2500 киши чартердик каттам менен Түркмөнстанга кетүү үчүн кезекте турганын билдиришти. Тизмени Түркмөнстандын элчилиги түзүүдө.

Орусиянын башка шаарларында: Санкт Петербург, Казань, Астраханда да ушундай эле сандагы кишилер Түркмөнстанга кетүүгө камынууда.

Бул арада Turkmen.news басылмасы жакынкы эки ай аралыгында Орусиядан Түркмөнстанга алты чартердик каттам уюштуруларын жазды.

Түркмөнстан пандемиядан улам чет өлкөлөрдөн келе албай жаткан жарандарын былтыр август айынан баштап алып келе баштаган. Өлкө башка мамлекеттер менен ырааттуу аба каттамдарын 2020-жылы 17-мартта токтоткон.

Бул арада өлкөдөгү экономикалык каатчылыктан улам чет өлкөгө иш издеп кетүүнү каалагандардын саны да көбөйүп жатканы айтылууда.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG