Ссылки доступа

Өзбекстанда белгилүү блогер каза болду


Блогер Икбол Камилжанов. Соцтармактардан алынган сүрөт
Блогер Икбол Камилжанов. Соцтармактардан алынган сүрөт

Кокон шаарындагы көйгөйлөрдү чагылдырган “Фейсбук” социалдык түйүнүндөгү Qo’qonjonim тайпасынын администратору, блогер Икбол Камилжанов 15-сентябрда Фергана облустук ооруканасында каза болду. Бул тууралуу Облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Хусан Мамажонов билдирди.

Анын айтымында, Икбол Камилжанов ооруканага 7-сентябрда оор абалда жеткирилип, дароо реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Ага пневмония, кант диабети, жүрөк оорусу, дем алуунун жана кан айлануунун бузулушу деген диагноз коюлган.

"Биз бардык диагностикалык жана дарылоо чараларын көргөнүбүзгө карабастан, мекендешибиздин өмүрүн сактап кала алган жокпуз", – деди Мамажонов.

Бирок маркум блогердин эжеси Шоира Камилжанова инисин уулантып коюшкан болушу мүмкүн деп эсептейт. Анын айтымында, Икбол ичегилери катуу ооруганын айтып, Кокон шаарынан өзү келип ооруканага жаткан.

"Кийинки күнү анын оорусунун белгилери ууланган кишиникине окшош болуп жатканын айтышты. Андан соң дарыгер чыгып, иним коронавирус экенин, сатурациясы 60% чейин түшүп кеткенин билдирди. Бирок анын ошол эле күнү тапшырган тести таза чыккан. Ал ооруканага барганда коронавирустун же пневмониянын белгилери болгон эмес. Дене табы көтөрүлбөй, жөтөлү жок болчу", — деди ал.

Маркумдун дагы бир эжеси Хуршида Зокирова инисине "коронавирустун күчөп кеткен түрү жана эки тараптуу пневмония" деген диагноз коюлганын билдирди. Анын айтымында, дарыгерлер блогердин туугандарынын медициналык экспертиза жүргүзүү өтүнүчүн четке кагышкан.

Фергана облустук ооруканасынын башкы дарыгери Одил Умаров блогердин саламаттыгы тууралуу соцтармактардагы билдирүүлөр негизсиз экенин, анда уулануунун белгилери болбогонун билдирди.

Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин аймактык бөлүмүнүн башчысы Шохидбек Аслонов да ооруканага блогерди көргөнү барганын, анын уулангандыгы тууралуу билдирүүлөрдү четке кагып, ал кант диабети менен ооруп, коронавирус күчөп кеткенин билдирди.

Аткаминердин айтымында, Икбол Камилжанов өлкө Эгемендигинин 30 жылдыгына карата медаль менен сыйланып, социалдык түйүндөрдөгү тайпалардын эң активдүү администратору деп табылган.

XS
SM
MD
LG