Ссылки доступа

Казакстанда укук коргоочулар соцтармактарды бөгөттөө аракетин сындашты


Дүйнөдө соцтармактарды жана мессенжерлери чектеген 12 гана мамлекет бар, алар сөз эркиндиги рейтингинде артта калган. Бул тууралуу “Адил сөз” уюмунун 16-сентябрдагы маалымдамасында айтылат.

Андан бир күн мурун Казакстан мажилиси өлкөдө өкүлчүлүгү жок соцтармактарды бөгөттөө тууралуу мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү биринчи окууда жактырган. Түзөтүү эл арасында түрдүү пикир жараткан.

“Адил сөз” уюму депутаттарын бул аракетин сындап, аталган норма маалымат алуу менен таратуу, интернетти пайдалануу укугун чектей турганына тынчсызданган.

"Бул норма эл аралык коомчулук алдында Казакстандын беделин түшүрүп, өлкөгө инвестиция тартууга, жарандар менен бизнестин ишкердик активдүүлүгүн жогорулатууга, жарнама менен электрондук сооданын өнүгүшүнө кедергисин тийгизет" деп айтылган маалыматта.

Freedom House уюму түзгөн интернет эркиндиги рейтингине ылайык, Казакстан “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кирген. Уюмдун маалыматына караганда, 2020-жылы Казакстан аймагында ар түрдүү себептерден улам 30 миңден ашуун интернет-ресурс жабылган. Алардын тизмеси расмий түрдө жарыяланган эмес.

XS
SM
MD
LG