Ссылки доступа

Орусиядагы ЖОЖдун биринде ок атылды, каза болгондор бар экени кабарланууда


Дүйшөмбү күнү эртең менен белгисиз адам Пермь мамлекеттик университетинде ок чыгарды. Жергиликтүү басылмалар каза болгондор жана жаракат алгандар бар экенин кабарлашты.

"Говорит Москва" басылмасы үч киши өлгөнүн билдирсе, "112" телеграм-каналы беш адам каза болуп, алтоо жаракат алганын кабарлады.
Телеграм-каналдарда октон качкан адамдар имараттын терезелеринен секирип жаткан учур тартылган видеолор жайылууда.

Жогорку окуу жайдын соцтармактардагы баракчаларына имараттагыларды бөлмөлөрдө бекинип отурууга чакырган билдирүү жазылды.

Кийинчерээк "РБК" өз булактарына таянып, ок аткан адам зыянсыздандырылганын кабарлады. Бул маалыматты университеттин басма сөз кызматы да ырастады. "112" телеграм-каналдын маалыматына караганда, кол салган адам атып өлтүрүлдү.

59.ru басылмасы кол салган деп болжолдонуп жаткан адамдын "ВКонтакте" социалдык түйүнүндөгү баракчасын тапкан. Анда анын 18 жашта экенин жана кол салууга көптөн бери даярданып жүргөнүн байкоого болот. Билдирүүлөрүндө ал курал алууга уруксат берүү жол-жобосун кеңири сүрөттөп жазган.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG