Ссылки доступа

Канардын Пальма аралында жанар тоо атылып, миңдеген кишилер көчүрүлдү


Атлантика океанындагы Пальма канар аралында жанар тоо атылып, беш миң адам эвакуацияланды.

Бир нече үй зыянга учурады.

Аралга Испания өкмөт башчысы Педро Санчес барды. Ал ири өрттүн алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын билдири.

Канар аралдарынын президенти Анхель Виктор Торрес өзгөчө абал жарыяланган аймак токойлуу экенин, отурукташкан кишилер аз экенин билдирди. Пальма аралындагы калктын саны – 80 миң.

Жабыр тарткандар тууралуу маалыматтар айтыла элек.

Акыркы жолу Кумбре-Вьеха вулканы 50 жыл мурун “ойгонгон”.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG