Ссылки доступа

АКШ криптовалюта алмаштыруу менен алектенген платформага алгачкы жолу санкция киргизди


АКШ алгачкы жолу криптовалюталарды алмаштыруу менен алектенген SUEX платформасына санкцияларды киргизди. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, криптобиржа Орусиядагы өкүлчүлүктөрү аркылуу киберчабуулдар маалында мыйзамсыз төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берип келген. Бул үчүн кеминде хакерлер иштеп чыккан сегиз программа колдонулган.

АКШ бийлиги SUEX’тин белгилүү транзакцияларынын 40% ашыгынын мыйзамсыз иштеген уюмдарга байланышы бар болгонун билдирүүдө. "Мындай криптобиржалар мыйзамсыз жеке кирешелерди табуу үчүн мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүүгө шарт түзөт", — деп жазылган Каржы министрлигинин билдирүүсүндө.

SUEX платформасы негизделген 2018-жылдан бери криптовалютаны жүз миллиондогон долларга — негизинен биткоиндер менен которгон. 2020-жылы хакерлерге, алдамчыларга жана даркнет операторлоруна которулган төлөмдөр 400 миллион доллардан ашкан — бул 2019-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу төрт эсеге көп.

XS
SM
MD
LG