Ссылки доступа

"Талибан" БУУнун Башкы ассамблеясына катышууга мүмкүндүк берүүнү өтүндү


Ооганстанда бийликти басып алган "Талибан" радикал кыймылы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясына катышууга мүмкүндүк берүүнү өтүндү. Бул тууралуу БУУнун расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдирди.

Анын айтымында, уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриш жогорку деңгээлдеги дебаттарга "катыштыруу өтүнүчү жазылган" катты 20-сентябрда алган. Ага талибдер түзгөн өкмөттө тышкы иштер министринин милдетин аткарып жаткан Амир Хан Муттаки кол койгон.

"Катта БУУнун ар жылкы жыйынына катыштыруу өтүнүчүнөн тышкары "Талибан" Мохаммад Сухал Шахинди өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлү кызматына талапкер кылып көрсөтүп жатканы жазылган. Муттаки дүйнөдөгү бардык өлкөлөр Ооганстандын мурдагы президенти Ашраф Ганини өлкө башчысы катары тааныбай турганын, мындан улам аккредитациядан өткөн ооган элчиси Гулам Исакзай өлкөнүн БУУдагы өкүлү эмес экенин белгилеген", — деп билдирди Дюжаррик.

Анын айтымында, Гуттеришке 15-сентябрда Исакзай да өзүнчө кат жазган. Анда ал өзүн Ооганстандын БУУдагы туруктуу өкүлү катары көрсөтүп, өлкөнүн атынан сессияга катыша турган делегациясынын тизмесин тиркеген.

XS
SM
MD
LG