Ссылки доступа

Нур-Султанда сот системасын реформалоону талап кылышууда


21-сентябрда Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында "адилетсиз" сот чечимдерине нааразы болгон ондогон жаран өлкөнүн Жогорку сотунун алдына чогулушту.

Алар өздөрүнүн же жакындарынын кылмыш иштери боюнча кайра тергөө жүргүзүүнү жана чечимдерди кайрадан карап чыгууну талап кылышты.

Алгач чогулгандар 20-сентябрда Алматыда үй-бүлөнү турак жайынан чыгаруу тууралуу сот чечимин аткаруу аракети учурунда болгон ок атууда көз жумгандарды эскеришти. Андан соң бийликти сот системасын реформалоого чакырып, "адилетсиз" сот чечимдери "адамдардын айласын кетирип жатканын" айтышты.

Акция катышуучулары сот имаратынын алдындагы темир тосмого президент Касым-Жомарт Токаевди сот системасын реформалоого чакырган орус жана англис тилдеринде жазылган кагаздарды илишти.

Алматылык активист Ильшат Кензин алдамчылардан жабыркап, он жылдан бери күнөөкөрлөрдү жазага тарттыра албай жүргөнүн билдирди. Анын айтымында, айыпталуучуну Алматы шаардык соту актап жиберген.

21-сентябрда Жогорку соттун коомдук кабылдамасы жабык болуп, эшигинин сыртында "карантин" тууралуу эскертүү илинип турду.

Казакстанда акыркы жылдары сот өкүмдөрү менен мамлекеттик органдардын чечимдерине нааразылык билдирген жарандар көбөйдү. Алар өз талаптарына бийликтин көңүлүн бурдуруу үчүн Башкы прокуратура менен Жогорку соттун, айрым учурларда "Нур Отан" партиясынын кеңсесинин алдында нааразылык акцияларын өткөрүп келишет.

XS
SM
MD
LG