Ссылки доступа

Тажикстанда ооган качкындары үчүн лагерь курулат


Европа биримдигинин жардамы менен Тажикстан Шамсиддин Шохин районундагы Хирманжо чөлкөмүндө ооган качкындарына лагерь курат. Бул аймак ооган чек арасына өтө жакын жайгашкан.

Шамсиддин Шахин районундагы өз булак "Озодиге" Хирманжодон башка дагы эки жер лагерь куруу үчүн тандалганын билдирген.

"Евробиримдиктин элчиси лагерь курула турган жерлерди көрүп чыгыш керек. Ошондон кийин гана курулуш боло турган жер такталат. Азырынча эки-үч жерди аныктап койдук" - деди ал.

Хатлон облусунун төрагасы жайында эле эл аралык уюмдардын жардамы менен Жайхун районунда лагерь куруларын кабарлаган.

Буга чейин Евробиримдик Тажикстандагы ооган качкындары үчүн 160 миң евро бөлө турганын жарыялаган. ЕБдин 14-сентябрдагы билдирүүсүндө Ооганстан менен чектеш Хатлон жана Тоолуу-Бадахшан автоном облустарында 5000 ооган жараны үчүн башкалка табылганы айтылган.

Евробимдик БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгына шилтеме кылып, 2021-жылдын аягында Тажикстандагы бозгундардын саны 50 миңге жетиши ыктымал экенин билдирди. Тажикстан менен Ооганстандын чек арасынын жалпы узундугу 1400 чакырымды түзөт.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG