Ссылки доступа

Нур-Султанда Кытай элчилигинин алдындагы акция түн жарымга чейин уланды


Шинжаңдагы лагерлерде камалып жаткан туугандарын бошотууну талап кылган ондогон киши Кытайдын Казакстандагы элчилигинин алдында түн жарымга чейин турушту.

Активист Байболат Кунболатулынын айтымында, алгач алар элчилик имаратынын алдында түнөөнү пландашкан, бирок кечкисин суук болгондуктан чогулгандар үйлөрүнө кетүүгө аргасыз болушкан.

— Түнкүсүн суук болду, Алматыдан келген жарандар жылуу кийимдерин ала келишпептир. Айрымдары сыркоолоп баштаганда түнкү саат бирде үйлөрүнө жеткирдим. Бүгүн кайра акцияга чыгабыз, — деди Кунболатулы.

Анын айтымында, 22-сентябрдагы акция учурунда аларга бир нече полиция кызматкери көз салып турушту. Чогулгандардын алдында келген акимчилик өкүлү алардын акциясы "мыйзамсыз" экенин айткан.

Активисттер шаршемби күнү Казакстандын Тышкы иштер министрлигине өз талаптарын жазып беришкен. Министрликтин өкүлдөрү "кайрылууну карап көрүшөрүн" айтышкан. Бүгүн бул боюнча мекемеден комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдындагы акциялар быйыл 8-февралда башталып, сегиз айдан бери уланууда. Андан бери анын катышуучуларына кытайлык дипломаттардан эч ким чыга элек. Чогулгандар Кытай бийлигинен Шинжаңда калган туугандарынын Казакстанга келүүсүнө уруксат берүүнү талап кылышууда. Айрымдары жакындары Шинжаңдагы "саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде" кармалып турушканын айтышса, башкалары туугандары негизсиз айыптар менен узак мөөнөттөргө соттолгонун билдиришүүдө. Алардын арасында кытай бийлиги жакындарынын документтерин алып коюп, өлкөдөн чыгарбай жатканына даттангандар да бар.

Акция катышуучуларын бир нече ирет полиция кармап кетип, айып пул төлөөгө милдеттендирген.

Консулдуктун өкүлдөрүнөн жооп болбогондуктан, акциянын айрым катышуучулары өткөн айдан бери дипломатиялык өкүлчүлүк жайгашкан аймактан алыс эмес жерге чатыр тигип, ошол жакта түнөй башташкан.

Быйыл март айында Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолуккан кытай элчиси Чжан Сяо консулдуктун алдында акция өткөрүп жаткан адамдардын туугандары Кытайдын жарандары экенин жана алар "өлкө мыйзамдарын бузууга байланышкан аракеттери үчүн жазаларын өтөп жатканын" айткан. Акция катышуучулары элчинин бул айткандарын сынга алып, туугандарына тагылган айыптар негизсиз экенин билдиришкен.

Шинжаңда миллиондон ашуун мусулман азчылыгы диний жана этникалык маселеге байланыштуу кодулоого дуушар болгону тууралуу 2018-жылы БУУнун комитетинин баяндамасы чыккан. Эл аралык коомчулуктун басымына карабай, Кытайда уйгур, казак, кыргыз сыяктуу мусулман азчылыктарын кысымга алуу күчөп, "кайра тарбиялоо" лагерлеринин саны 40% өскөнүн австралиялык Стратегиялык саясат институту да изилдеген.

Кытай бийлиги муну четке кагып, лагерлерди "кесиптик даярдоо" жана "экстремизмге каршы күрөшкөн борборлор" деп сыпаттап келет.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG