Ссылки доступа

УКМК фармкомпаниянын жетекчисин кармады


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы 27-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, бир катар компаниялар дары-дармектерди ашыкча кымбат сатууну көздөгөн.

Бул факты атайын кызматтын саламаттык сактоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында аныкталган. Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, бул компаниялардын кеңсеси жана кампалары тинтүүгө алынган.

“Тинтүү учурунда кошумча бухгалтерия бар экендигин тастыктаган финансылык документтер алынды. Ошол эле учурда, булар мамлекеттик органдардын айрым кызматкерлеринин колдоосу менен салыкты жашырышканы аныкталды. Сырттан алып келинген дары-дармектердин чыныгы баасын жашырып, чайкоочулук кылышкан. Натыйжада мамлекеттик бюджетке зыян келтирилген”, - деп жазылган маалыматта.

УКМК ошондой эле, бул компаниялар саламаттык сактоо системасы аркылуу мыйзамсыз соода ыкмаларын жана адилетсиз атаандаштыкты колдонууга катышкандыгы боюнча далилдер алынганын кабарлады. Ага ылайык, бул ишканалардын жетекчилеринин бири "А.В." аттуу жаран кармалды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (“Коррупция”) боюнча шек саналып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камалды.

Азыркы учурда тергөө бул компаниялардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын жана кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктап жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 26-сентябрда Алайга иш сапарында Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер аралашкан фармацевтикалык мафиянын бети ачылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG