Ссылки доступа

Казак өкмөтү Түркстанга авиакаттамдарды субсидия кылуу үчүн Улуттук фонддон миллиарддаган теңге бөлгөн


Казакстандын өкмөтү Түркстан шаарына уча турган 10 авиакаттамды субсидия кылуу үчүн быйыл Улуттук фонддон 2,3 миллиард теңге (5,3 миллион доллар) бөлдү. Бул тууралуу "КазТАГ" агенттиги өлкөнүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигине шилтеме кылып кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө Түркстанга аткарыла турган авиакаттамдар Улуттук фонддон быйыл гана субсидия кылынып жатканы белгиленген.

2021-жылкы республикалык бюджетте туруктуу авиакаттамдарды субсидия кылуу үчүн жалпысынан 5,5 миллиард теңге каралган. Анын 2,5 миллиарды түздөн-түз республикалык бюджеттен алынса, 3 миллиарды Улуттук фонддон которуу аркылуу алынат. Субсидия кылынган каттамдарды аткаруу боюнча келишим сынактарда жеңүүчү деп табылган Qazaq Air жана SCAT авиакомпаниялары менен түзүлгөн.

Өткөн жылы коронавирус пандемиясы жана экономикалык каатчылыктын фонунда Казакстан Улуттук фонддон республикалык бюджетке 6 триллион теңге (13 миллиард доллардан ашык) которгон. Алгач фонддон бюджетке 2,6 триллион гана теңге алуу пландалып жаткан.

Быйыл июнь айында Казакстандын Эсеп палатасы 2020-жылы өкмөт Улуттук фондго түшкөн жалпы сумманын 96% коротконун билдирген. Улуттук фондго сырьелук ресурстарды сатуудан түшкөн каражат топтолот.

Видео

Видео

Тактазан жайлоосунан кен казуу каршылык жаратты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00
XS
SM
MD
LG