Ссылки доступа

Тажик күч органдары кармаганы айтылган жаранды бошотуу аракети көрүлүүдө


Тажикстандын укук коргоо кызматкерлери кармап кеткен Лейлек районунун Жаштык айылынын тургунун кайтаруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн 27-сентябрда "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 26-сентябрь күнү түштөн кийин Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну келинчеги менен Тажикстандын этникалык кыргыздар жашаган Жийделик айылына бараткан учурда жүргүнчү ташыган автобустан Тажикстандын күч кызматтары кармап кетишкен. Бул маселе боюнча Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облус жетекчилиги да телефондон сүйлөшкөнү маалым болду.

Бул окуя боюнча тажик тарап расмий билдирүү бере элек.

23-сентябрда Лейлек районунун Жаштык айылынын 16 жаштагы эки тургунун жана Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын Тажикстан тараптан келген белгисиз кишилер алып кеткен. Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин тургундар бошотулган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр-чатактар байма-бай катталып турат. Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жараат алган, жүздөгөн имараттар кыйраган. Тажик тараптан 19 киши каза болуп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

XS
SM
MD
LG