Ссылки доступа

Түркмөнстан Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын аскердик парад менен белгиледи


Түркмөнстандагы аскердик парад (архив сүрөт)

Түркмөнстан 27-сентябрда пандемия жана экономикалык каатчылык шартында Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгиледи.

Мамлекеттик телеканалдар 27-сентябрда Ашхабадда аскердик парад өтүп, ага президент Гурбангулы Бердымухамедов жана башка жогорку кызматтагы аткаминерлер катышканын кабарлашты.

Парадда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн жеке курамы өтүп, аскердик техникалар көрсөтүлдү. Андан соң Ашхабадда искусство жана маданият ишмерлеринин катышуусунда концерт өттү. Майрамдык иш-чаралар 28-сентябрда аскер кызматкерлерине сыйлыктарды тапшыруу аземи менен аяктайт деп күтүлүүдө.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын кабарчылары аймактарда майрамдык маанай байкалбаганын, тургундарды азык-түлүк тартыштыгы жана коронавирустун жайылуусу көбүрөөк ойлондуруп жатканын билдиришүүдө.

Түркмөнстандын бийлиги бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала элек экенин билдирип келет. Ошол эле маалда "Азаттыктын" түркмөн кызматы дарыгерлер менен жашоочуларга шилтеме кылып, коронавирус жуктургандар жана андан каза болгондор көп болуп жатканын кабарлоодо.

2018-жылга чейин Түркмөнстанда Эгемендүүлүк майрамы өлкөнүн көз карандысыздыгы жарыяланган 27-октябрда белгиленип келген.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG