Ссылки доступа

Тажикстанда ундун баасы кымбаттоодо


Тажикстанда күйүүчү майдын артынан ундун баасы да кымбаттады. Ушул тапта Душанбеде 50 килограмм ун 235-255 сомони, аймактарда 290 сомони (25 доллар) турат. Сатуучулар муну Казакстанда ундун наркы көтөрүлгөнү менен түшүндүрүшүүдө.

Бир ай мурун эле азыр 255 сомони турган ун 230 сомони болгон.

Душанбенин соода борборлорунда сатуучулар ундун баасы мындан ары да өсүшү мүмкүн экенин айтышууда. Себеби Казакстандын Айыл чарба министрлиги быйыл буудайдын наркы 2020-жылга салыштырмалуу 24% жогору болорун эскерткен.

Тажикстан ун менен буудайды толугу менен Казакстандан алат. Соңку жылдары ун жеткирүү азайып, буудай алып келүү көбөйдү. Тажикстанда буудайды кайра иштеткен ири тегирмендер пайда болду.

Ун – Тажикстандын негизги азыгы. Бир адам бир айда болжол менен 13 килограмм нан жана ундан жасалган тамактарды колдонот. Орто эсеп менен көп балалуу үй-бүлөлөр айына эки кап ун пайдаланат.

Тажикстан калкын толук ун менен камсыздоо үчүн 1,7 миллион тонна буудай керектелет.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG