Ссылки доступа

Электрди үнөмдөө максатында ашыкча жарыктандырууга тыюу салынды


В Кыргызстане отключат уличное и рекламное освещение магазинов и кафе
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:54 0:00

"Улуттук энергохолдинг" ишканасы жалпы өлкө аймагындагы көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактык жарыктарын өчүрүү тууралуу буйрук чыгарды.

Мындай чаралар электр энергиясын үнөмдөө максатында көрүлүп жатканын ишкананын басма сөз катчысы Азамат Курамаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, буйрукка мекеменин башчысынын орун басары Замирбек Кожомамбетов 27-сентябрда кол койгон.

"Кышкы жылуулук сезонуна карата электр энергиясын үнөмдөө максатында ашыкча энергия талап кылган жарнактык жарыктарды өчүрүү тууралуу буйрук бөлүштүрүүчү компанияларга жиберилди. Анда парктардагы жарыктарды өчүрүү тууралуу айтылган эмес".

Маалыматка ылайык, аймактардагы бөлүштүрүүчү компанияларга таңга жуук жана кечкисин кыдырып, электр энергиясын үнөмдөөнү көзөмөлдөө боюнча тапшырма берилди.

Электр энергиясын үнөмдөө максатында ашыкча жарыктандырууга жол бербөө тууралуу буйрук "Түндүкэлектро","Чыгышэлектро", "Ошэлектро" жана "Жалалабатэлектро" ишканаларына да жиберилди.

Азамат Курамаев өлкөдө электр энергиясын чектөө киргизилбегенин бекемдеп, жер-жерлерде электр энергиясы кышкы жылуулук сезонуна даярдык көрүүгө байланыштуу өчүрүлүп жатканын белгиледи.

Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында жетишсиздик жаралууда. Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында быйыл август-декабрь айларында Түркмөнстандан 501,9 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Кыргыз өкмөтү мындан тышкары кышкы жылуулук сезонунда Казакстандан да кошумча электр энергиясын алып келет.

Видео

Видео

Тактазан жайлоосунан кен казуу каршылык жаратты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00
XS
SM
MD
LG