Ссылки доступа

Түркмөн активисти Дурсолтан Таганова Стамбулдагы депортация борборунан бошотулду


Дурсолтан Таганова

Түркмөнстандын өкмөтүн сындап жүргөн активист Дурсолтан Таганова Стамбулдагы депортация борборунан бошотулду. Бул тууралуу 29-сентябрда "Түркмөнстан хроникасы" басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, 29-сентябрда Таганованын адвокаты тиешелүү документтерди тапшыргандан кийин активист изолятордон бошотулган.

26-сентябрда түрк полициясы Таганованын Стамбулдагы үйүнө келип кеткен. Активистти таппай, чакырууну коңшусуна таштап кетишкен. Кийин Таганова полиция бөлүмүнө барганда кармалып, депортация борборуна жөнөтүлгөн.

Москвадагы "Мемориал" укук коргоо борбору 27-сентябрда активист Дурсолтан Таганова Түркмөнстанга депортацияланышы мүмкүн экенин эскертип, коңгуроо каккан.

30 жаштагы Дурсолтан бир нече жылдан бери Түркияда иштеген түркмөнстандык мигранттардын укуктарына көңүл буруп, активисттердин сап башында жүрөт.

Былтыр июлда Таганова баштаган ондогон адам Стамбулдагы түркмөн консулдугунун алдында президент Гурбангулы Бердымухамедовдун бийлигин сындаган акция өткөрүшкөн.

Түрк полициясы бул акцияда Таганова менен кошо дагы бир нече адамды кармаган. Кармалгандардын көбү бир нече сааттан кийин эле бошотулган. Бирок Таганова үч ай камакта отуруп, октябрь айында гана бир нече укук коргоо уюмдарынын түрк бийлигине кайрылуусунан кийин эркиндикке чыккан.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG