Ссылки доступа

Казакстанда айдоочулар күйүүчү майдын кымбаттоосуна каршы нааразылыктарын улантышууда


30-сентябрда Чымкент-Самара трассасында 30дай киши нааразылык акциясына чыкты. Алар күйүүчү майдын баасын кымбаттатпоону сурашты.

Айдоочулардын айтымында, дизелдик күйүүчү майдын баасы жогорулап гана тим болбостон, ал чектелүү көлөмдө сатыла баштады.

“Августта акимчилик жол акылуу болбойт, солярка кымбаттабайт деп убада берген. Ал кезде солярканын бир литри 167 теңге болгон. Азыр 270 теңге. Биз эски тариф менен жүк ташыйбыз. Эми 270 теңгеден солярка куюп, жол жүрүшүбүз керек. Бирок бул мээнетти актабайт”, - деди нааразылыкка чыккандардын бири Канат Сагимбаев.

Маалыматка караганда, айдоочуларга акимдин орун басары келип, аларды сабырдуу болууга чакырган, бирок кандайдыр бир убада берген эмес.

Актөбө облусунун акиминин орун басары Ермек Кенжеханулы мамлекет базар баасын жөнгө салбай турганын, Энергетика министрлиги дизелдик отундун жетишсиздин болтурбоо үчүн Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты.

Акция учурунда анча алыс эмес жерде полиция автоунаалары жана атайын техникалар турду.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG