Кесиптик кошуундун өкүлдөрү муну колдогон жок.
Тажикстанда мыйзам боюнча кесиптик кошуундар мамлекеттик бийлик органдарынан көз каранды эмес. Тажикстандын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошууну алардын эмгек, социалдык-экономикалык жана башка кызыкчылыктарын коргойт.
Кесиптик кошуундун төрайымдыгына 32 жаштагы Зульхия Нозакзода талапкер катары көрсөтүлгөн. Шайлоо учурунда билим берүү министринин орун басары Нурали Собирзода анын талапкерлиги министр менен макулдашылбаганын айтып, добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратууга аракет жасады.
Бирок жыйындын катышуучулары добуш берүүнү кийинкиге жылдырууга макул болбой, талапкерлерди шайлоо жыйынынын депутаттары көрсөтө турганын айтышты.
Узакка созулган талкуудан кийин альтернативдүү дагы бир талапкер көрсөтүлдү. Ачык шайлоонун жыйынтыгында 72 депутат Нозакзоданы Тажикстандын билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик кошуунун төрайымы катары шайлашты.
Нозакзода мугалимдердин укугун коргоо – анын негизги приоритеттеринин бири болорун билдирди.
Тажикстанда билим берүү тармагында кесиптик кошуундун башчысын шайлоо мугалимдердин укугу бузулган, айлык акы төлөө кечеңдетилген учурлар көбөйгөн маалда өттү.
Тажикстанда билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик кошуунунун 290 миңден ашуун мүчөсү бар.