Ссылки доступа

Казакстанда саясий туткун Алмат Жумагулов эркиндикке чыкты


"Жихадчылар иши" деп аталган резонанстуу иш боюнча дээрлик төрт жыл камакта отурган жарандык активист Алмат Жумагулов 1-октябрда Алматы облусунун Заречный айылындагы абактан эркиндикке чыкты.

Ал "Азаттыктын" казак кызматына таңкы саат алтыда бошотулганын, азыр үйүндө экенин билдирди.

— Таңкы алтыда толтурулбай калган кагаздар бар экенин айтып тургузушту. Андан соң сыртка алып чыгып, "Бошсуз, үйүңүзгө кете бериңиз" деп айтышты. Мен эч нерсе түшүнбөй калдым, — деди Жумагулов.

Буга чейин ал абактан бүгүн эртең мененки саат тогуздарда чыга турганы кабарланган. Журналисттер менен укук коргоочулар активисттин эркиндикке чыкканын аны тосуп алуу үчүн баратканда жолдо угушкан.

15-сентябрда Капшагай шаардык соту өтөп бүтө элек жаза мөөнөтүн эркиндигин чектөө жазасына алмаштыруу тууралуу Алмат Жумагуловдун өтүнүчүн канааттандырган.

Жумагулов 2017-жылы ноябрда банктардын биринде күзөтчү болуп иштеген Кенжебек Абишев аттуу жаран менен бирге кармалган. 2018-жылы декабрда Алматы шаардык соту Алмат Жумагуловду "Терроризмди пропагандалоо" жана "Улут аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Кенжебек Абишев "терроризмди пропагандалоо" айыбы менен жети жылга соттолгон. Алар айыптоолорду четке кагышкан. Казакстандагы бир катар укук коргоо уюмдары Алмат ЖУмагулов менен Кенжебек Абишевди саясий туткун деп таанышкан.

2020-жылы жазында Капшагай шаардык соту мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү эс алып, Жумагуловдун жаза мөөнөтүн 8 ай 26 күнгө, Абишевдикин сегиз айга кыскарткан.

Укук коргоочулар 2017-жылдын аягында Абишев менен Жумагуловдун кармалышын тыюу салынган "экстремисттик" топтордун ишине катышкандарга карата башталган репрессиянын жеткен чеги деп аташкан. Кеп анда бозгундагы мурдагы банкир, оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов жетектеген "Казакстандын демократиялык тандоосу" жана "Көчө партиясы" кыймылдары жөнүндө болгон. Нур-Султан шаардык сотунун чечими менен бул кыймылдар Казакстанда экстремисттик деп табылган. Ошол эле кезде укук коргоо уюмдары менен Европа парламенти өз документтеринде аларды кадимки оппозициялык кыймылдар деп белгилеп келишет.

Европа парламенти Казакстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу быйыл февралда кабыл алган резолюциясында Нур-Султанды Кенжебек Абишев менен Алмат Жумагуловду бошотууга жана аларды актоого чакырган.

Казакстандын бийлиги өлкөдө саясий туткундар бар экени тууралуу билдирүүлөрдү четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG