Ссылки доступа

Кабулда мечиттеги жардыруудан бир нече киши каза болду


Забихулла Муджахид
Забихулла Муджахид

Ооганстандын баш калаасы Кабул шаарындагы "Идгах" мечитинин аймагында жардыруу болуп, бир нече киши каза тапты. Бул тууралуу "Талибан" террордук кыймылынын өкүлү Забихулла Мужахид билдирди.

Маалыматка караганда, жарылуу болгон маалда Мужахид аталган мечитте маркум энесине куран окутуп жаткан.

"Бүгүн түштөн кийин Кабулдагы "Идгах" мечитинин кире беришинин жанында жайкын тургундар жыйналып турган учурда бомба жарылды. Тилекке каршы бир нече адам каза тапты", - деп жазды "Твиттерге" Забиулла Мужахид.

Талибдер түзгөн өкмөттүн курамындагы Ички иштер министрлигинин басма сөз жана коом менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Сайед Хости жардыруудан эки киши өлүп, дагы экөө жарадар болгонун ырастады. Ал бул окуяга байланыштуу үч киши кармалганын кошумчалады.

Tolo News телеканалынын кабарчысынын маалыматына караганда, жарылуудан сегиз киши каза болуп, 20 адам жаракат алды.

Буга чейин "Талибандын" басма сөз катчысы Забиулла Мужахиддин маркум энесине 3-октябрда түштөн кийин "Идгах" мечитинде куран окутуларын "Твиттер" аркылуу жарыялаган.

Азырынча бул жардыруу үчүн эч бир тарап жоопкерчилик ала элек.

XS
SM
MD
LG