Ссылки доступа

АКШ элчилиги: Шинжаңдагы жакындарын издеген казактардын тынч жыйындарды өткөрүү укугун колдойбуз


АКШнын Казакстандагы элчилиги Шинжаңдагы жакындарын бошотуу талабы менен сегиз айдан бери Кытайдын Алматыдагы консулдугунун жана Нур-Султандагы элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүп жаткан этникалык казактарды колдогон билдирүү таратты.

"Биз буга чейин бир нече жолу билдиргендей, АКШнын элчилиги Шинжаңдагы жакындары тууралуу маалымат алууга аракет кылып жаткан адамдардын эркин жана тынч жыйындарды өткөрүү укуктарын колдойт", — деп жазылган дипломатиялык өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.

Буга чейин Нур-Султанда кармалган 10 кишиге "тынч жыйындарды өткөрүү эрежелерин бузганы үчүн" жалпы 1 миллион теңгеге жакын айып пул салынганы белгилүү болгон. Алар Кытайдын улуттук майрамы белгиленген 1-октябрда кармалышкан.

Өткөн жумада да бул маселе боюнча нааразылык акциясына чыккан адамдар ушундай эле айыптоолор менен ири суммада айып пул төлөөгө милдеттендирилгенин, сумма өтө көп болгондуктан, аны төлөө үчүн элден каражат топтоп жатышканын билдиришкен.

Ошол эле маалда алар талаптары аткарылмайынча нааразылык акцияларын уланта беришерин айтышкан. Этникалык казактар сегиз айдан бери күн сайын Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында акция өткөрүп келишкен. 20-сентябрдан тартып алар Кытайдын Нур-Султан шаарындагы элчилигинин алдына акцияга чыга башташкан. Алардын айрымдары жакындары Шинжаңдагы "саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде" кармалып турушканын айтышса, башкалары туугандары негизсиз айыптар менен узак мөөнөттөргө соттолгонун билдиришүүдө. Алардын арасында кытай бийлиги жакындарынын документтерин алып коюп, өлкөдөн чыгарбай жатканына даттангандар да бар.

Быйыл март айында Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолуккан кытай элчиси Чжан Сяо консулдуктун алдында акция өткөрүп жаткан адамдардын туугандары Кытайдын жарандары экенин жана алар "өлкө мыйзамдарын бузууга байланышкан аракеттери үчүн жазаларын өтөп жатканын" айткан. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги "башка өлкөнүн ички ишине кийлигише албай турганын" билдирген.

Шинжаңда миллиондон ашуун мусулман азчылыгы диний жана этникалык маселеге байланыштуу кодулоого дуушар болгону тууралуу 2018-жылы БУУнун комитетинин баяндамасы чыккан. Эл аралык коомчулуктун басымына карабай, Кытайда уйгур, казак, кыргыз сыяктуу мусулман азчылыктарын кысымга алуу күчөп, "кайра тарбиялоо" лагерлеринин саны 40% өскөнүн австралиялык Стратегиялык саясат институту да изилдеген.

Кытай бийлиги муну четке кагып, лагерлерди "кесиптик даярдоо" жана "экстремизмге каршы күрөшкөн борборлор" деп сыпаттап келет.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG