Ссылки доступа

Мухаммед пайгамбар тууралуу карикатура тарткан швед сүрөтчүсү жол кырсыгынан каза болду


Ларс Вилкс

Жекшемби күнү Мухаммед пайгамбар тууралуу карикатура тарткан швед сүрөтчүсү Ларс Вилкс автоунаа кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар швед полициясына шилтеме кылып кабарлашты.

Маалыматка караганда, 75 жаштагы Вилкс бараткан автоунаа жүк унаасы менен кагышкан. Жыйынтыгында сүрөтчү жана аны коргоп жүргөн эки полиция кызматкери каза болуп, жүк унаасынын айдоочусу оор жаракат алган. Учурда кырсыктын себептери такталууда.

Ларс Вилкс 2007-жылы Мухаммед пайгамбарды жолбун итке окшоштуруп карикатура тартып, "исламдын башкы душмандарынын" тизмесине киргенден бери полициянын коргоосунда жашап келген. Анын карикатурасын Швециянын жана Даниянын гезиттери басып чыгарышкан.

Өз кезегинде бул дүйнө өлкөлөрүндөгү мусулмандардын нааразылыгын жаратып, Вилкстин дарегине көптөгөн коркутуулар келе баштаган. "Аль-Каида" террордук уюму анын башы үчүн 100 миң долларлык сыйлык жарыялаган. 2010-жылы эки киши сүрөтчүнүн үйүн өрттөөгө аракет кылган. Андан соң Уппсалы университетиндеги лекция учурунда ага угуучулардын бири кол салып, жыйынтыгында карикатурист жеңил жаракат алган. АКШда Вилксти өлтүрүү максатында кутум уюштурганы үчүн Коллин Лароуз аттуу аял он жылга соттолгон.

Вилкс бул окуяларга карабастан, сөз эркиндигинин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген адамдын эркиндигинен баалуу эч нерсе жок экенин бир нече жолу айткан.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG