Ссылки доступа

ЖМК: Гүлнара Каримовага пара берүүдө Жонсондун партиясынын демөөрчүсү консультант болгон


Улуу Британиянын премьер-министри лидерлик кылган Консервативдик партиянын ири демөөрчүлөрүнүн бири — Мохаммед Амерси Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримовага пара берүүдө консультант болгон. Бул тууралуу The Guardian басылмасы кабарлады.

4-октябрда жарыяланган макалада Швециянын Telia телекоммуникациялык компаниясы Өзбекстандын уюлдук байланыш рыногуна кирүү үчүн Гүлнара Каримовага 220 миллион доллар өлчөмүндө пара бергени жазылган.

Өз кезегинде Мохаммед Амерсинин адвокаттары анын "атайылап" коррупциялык аракеттерге барганы тууралуу божомолдордун бардыгы "жалган" экенин билдирип жатышат. Алардын айтымында, келишим боюнча негизги макулдашуулар эки жыл мурда кабыл алынган. Ал кезде Амерси Telia компаниясы Гүлнара Каримовага пара берүүнү пландаганын билген эмес.

Бирок The Guardian жана BBC Panorama басылмалары Амерси Telia менен алты жыл бою кызматташканын жана компаниянын Борбор Азиянын уюлдук байланыш рыногуна кирүүсүндө маанилүү ролду ойногонун аныктап чыгышкан.

The Guardian’дын маалыматына караганда, Мохаммед Амерси бул аралыкта ортомчулук иши үчүн 65 миллион доллар алган. Жекшемби күнү жарыяланган "Пандора архивинде" ал бул акчага Улуу Британиядан кымбат балуу кыймылсыз мүлк сатып алганы көрсөтүлгөн.

The Guardian жана BBC Panorama басылмаларынын кызматкерлери ички электрондук почтанын, соттук документтердин, эсеп-фактураларынын, корпоративдик файлдардын жана ички отчёттордун миңдеген беттен турган кагаздарын карап чыгып, Амерсинин Telia компаниясынын Борбор Азия базарына кирүүсүндөгү ролу менен жакындан тааныш көптөгөн булактар менен байланышкан.

Түбү кениялык 61 жаштагы Мохаммед Амерси 2019-жылы өткөн Улуу Британиядагы парламенттик шайлоодо Консервативдик партиянын эсебине 100 миң фунт-стерлинг (136 миң доллар) которгон. Ага чейин ал Консервативдик партиянын лидерлигине талапкер болгон Борис Жонсондун, Майкл Гоувдун жана Жереми Ханттын шайлоо өнөктүктөрүнө каржылык жардам көрсөткөн.

The Guardian’дын маалыматына караганда, учурда британиялык ишкер өзү түзгөн топтун жардамы менен консерваторлордун Жакынкы Чыгыштагы стратегиясына таасир этүүгө аракет кылып жатат.

Быйыл февралда Швеция соту Гүлнара Каримовага пара берүүгө айыпталган Telia компаниясынын (бренддин жергиликтүү аталышы Ucell – Ред) мурдагы жетекчилерине карата чыгарылган актоо өкүмүн күчүндө калтырган.

Компаниянын жогорку кызматтарда иштеген мурдагы үч кызматкери Өзбекстандын уюлдук байланыш базарына кирүү үчүн пара катары Каримованын офшордук компаниясына 320 миллион доллар которгон деп шектелип жатышкан.

2019-жылы февралда Стокгольм соту аларды күнөөсүз деп тапкан. Судьялар Telia компаниясынын мурдагы жетекчилери "техникалык жактан" Каримовага пара берген эмес деген жыйынтыкка келишкен. Алардын түшүндүрмөсүндө тиги же бул өлкөнүн мамлекеттик кызматкерине акча же материалдык баалуулуктарды берүү гана коррупция деп эсептелине турганы белгиленген. Мындан тышкары пара берилди делген маалда Гүлнара Каримованын Өзбекстандын телекоммуникациялык тармагына таасир эте ала тургудай расмий адам болгону далилденбегени айтылган.

Бүгүнкү күндө Гүлнара Каримова мекенинде абакта отурат. 2020-жылы мартта Ташкент шаардык соту аны 13 жыл төрт айга эркинен ажыраткан. Каримова кылмыштуу топ түзүүгө, алдамчылыкка жана кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдоого күнөөлүү деп табылган.

XS
SM
MD
LG