Ссылки доступа

Өзбекстанда адамдын органдарын трансплантациялоо боюнча лаборатория түзүлөт


Өзбекстанда В.Вахидов атындагы Республикалык илимий-практикалык хирургия борбору адамдын органдары менен ткандарын трансплантациялоо боюнча илимий лаборатория түзөт. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 4-октябрда кол койгон токтомдо айтылат.

Документ Адамдын органдары менен ткандарын трансплантациялоо боюнча хирургия борборунун бир катар кошумча функцияларын аныктайт:

  • трансплантология тармагында фундаменталдык жана практикалык изилдөөлөрдү ишке ашыруу жана инновациялык долбоорлорду иштеп чыгуу;
  • трансплантация боюнча жогорку технологиялык операцияларды жасоонун ыкмаларын изилдөө жана киргизүү;
  • чет өлкөлөрдүн профилдик илимий уюмдары, борборлору жана эксперттери менен кызматташуу жана биргеликте изилдөөлөрдү уюштуруу;
  • трансплантология багыты боюнча жогорку квалификациядагы илимий кадрларды даярдоого көмөктөшүү.

Документте ошондой эле 2021-2022-окуу жылынан тартып Ташкент медициналык академиясында Хирургия жана трансплантология кафедрасын ачуу каралган.

Хирургиялык борборду модернизациялоо үчүн Инвестиция жана тышкы соода министрлигине бир жуманын ичинде эл аралык каржы институттары менен чет өлкөлөрдүн өкмөттүк каржы уюмдарынан 11 миллион доллар өлчөмүндө каражат тартуу боюнча чараларды кабыл алуу тапшырмасы берилди.

XS
SM
MD
LG